
Жарыяланган
2026-15-10, 18:13Президент Садыр Жапаров премьер-министр Никол Пашиняндын чакыруусу менен 15-17-октябрда Арменияга расмий сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди.
Сапардын алкагында Садыр Жапаров БУУнун Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенциясынын тараптарынын 17-конференциясынын алкагында өтө турган Лидерлердин саммитине катышат.
Ошондой эле Жапаров Армениянын жогорку жетекчилиги менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.
Сапардын жыйынтыгы боюнча кызматташтыктын ар кыл багыттары боюнча бир катар эки жактуу документтерге кол коюу мерчемделүүдө.



