
Жарыяланган
2026-15-10, 14:202026-жылдын январь-июль айларында Кыргызстанга 983.4 млн сомго минералдык суу импорттолду. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Өлкөгө жалпы 7.75 млн литр суу ташып келинген.
Суу Кыргызстанга тогуз өлкөдөн импорттолгон:
Россия - 4.5 млн литр;
2. Грузия - 1.24 млн литр;
3. Казакстан - 1.08 млн литр;
4. Өзбекстан - 929.7 миң литр;
5. Азербайжан - 15.7 миң литр;
6. Түркия - 15.6 миң литр;
7. Армения - 4ю9 миң литр;
8. Тажикстан - 3.7 миң литр;
9. Италия - 1.3 мин литр.
2025-жылдын жети айына караганда быйылкысында минералдык суунун импорту 2.65 млн литрге көбөйгөн. Былтыр январь-июль айларында өлкөгө 5.1 млн литр суу импорттолгон.



