
Жарыяланган
2026-25-05, 18:00Бишкекте электр чыгырык жана велосипед өңдүү жеке көлүктөр үчүн жаңы эрежелер киргизилүүдө. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Шаар бийлиги кабарлагандай, мэрдин орун басары Рамиз Алиевдин жетекчилиги алдында өткөн жыйында аталган жеке көлүктөр боюнча бир нече чечим кабыл алынган.
Ага ылайык:
• Электр чыгырыктардын ылдамдыгы саатына 15 чакырымга чейин азайтылат;
• Сары чийин менен белгиленген токтото турган жерлер болушу шарт;
• Үч сааттан ашык парковка сыртында туруп калган жеке көлүктөр эвакуация болот;
• Көчөдө жеке көлүкчөн адам сүзүп алган адамдарга кенемте төлөө үчүн милдеттүү камсыздандыруу киргизилет.



