Akchabarsearch
    Бишкекте Европага баңгизат ташыган топтон 600 млн сомдук "героин" табылып алынды

    Жарыяланган

    2025-02-07, 11:29

    Бишкекте Европага баңгизат ташыган топтон 600 млн сомдук "героин" табылып алынды

    Бишкекте Борбор Азия өлкөлөрү аркылуу Европага баңгизат ташыган эл аралык топтун ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

    Маалыматка ылайык, ыкчам-тергөө иштери учурунда борбор калаада 174.8 кг "героин" табылып алынган. Бишкекте бул баңгизаттын дүн баасы 130 млн сомдун тегерегинде болсо, Европа өлкөлөрүндө 600 млн сомго жетиши мүмкүн. 

    Башка өлкөлөрдүн укук коргоо органдары менен бирге жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында баңги топко киргендер кармалган. 


    Тектеш материалды окуу