
Жарыяланган
2026-30-09, 17:18Бишкекте иттерди сейилдетүү үчүн үч сейил бакта атайын аянтчалар түзүлө баштады. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Шаар бийлигинин маалыматы боюнча, андай аянтчалардын бири Иманалы Айдарбеков көчөсүндө (мурдагы Жаш гвардия бульвары) салына баштады. Дагы бирөө Тоголок Молдо атындагы скверде курулат.
Ошондой эле Эркиндик бульвары менен Ж. Бөкөнбаев көчөсүнүн кесилишинде аянты болжол менен 300 чарчы метр болгон атайын жер түзүлөт. Анын тегереги тосмолонуп, иттерди коопсуз сейилдетүүгө ылайыкташтырылат.
Анын негизги бөлүгү көк майсан чөп болот. Иттер сыртка чыгып кетпеши үчүн бийиктиги 1.8 метр болгон темир тосмо орнотулуп, кире беришинде эки катар темир эшик турат. Ал жерде чоң иттерди да ойнотууга болот.
Иттер чуркап ойношу үчүн туннелдер жана башка нерселер орнотулат. Мындан тышкары иттер суу иче турган жер уюштурулат. Аянтчанын ичинде анда жүрүү эрежелери жазылган такталар илинет.
Иттерин ойноткону келгендерди күндөн, жаандан жана кардан коргоо үчүн бастырма тургузулуп, отургучтар жана үстөл орнотулат.



