Akchabarsearch
Мэрия: Бишкекте эттин баасынын негизсиз кымбатташына жол бербөө боюнча иштер  уланууда

Жарыяланган

2026-30-09, 18:25

Мэрия: Бишкекте эттин баасынын негизсиз кымбатташына жол бербөө боюнча иштер уланууда

Бишкек шаарында эттин баасынын негизсиз кымбатташына жол бербөө боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Маалым болгондой, райондук акимчиликтердин, Монополияга каршы кызмат, ветеринардык кызмат жана башка органдардын кызматкерлери чоң жана кичи базарларды, соода жайларын, дүкөндөрдү кыдырып, эттин бааларын текшерип, сатуучулар менен ишкерлерге эттин баасын негизсиз жогорулатууга жол берилбестиги боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. 

"Бааларга жүргүзүлүп жаткан мониторингдин негизги максаты — базардагы туруктуулукту камсыз кылуу, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана социалдык мааниге ээ азык-түлүктөрдүн баасынын негизсиз өсүшүнө жол бербөө", - деп айтылат маалыматта. 


Тектеш материалды окуу