Akchabarsearch
Нарында Таш-Рабат жолунун 5 чакырымына асфальт басылды

Жарыяланган

2026-30-09, 16:41

Нарында Таш-Рабат жолунун 5 чакырымына асфальт басылды

Нарындын Ат-Башы районундагы Таш-Рабат жолунун 5 чакырымына асфальт басылды. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматы боюнча, аталган жолдун жалпы узундугу 15 чакырымды түзөт. Быйыл анын 5 чакырымына асфальт төшөө пландалып, ал иш толук бүткөрүлдү.

Эми жолдун калган 10 чакырымын келери жылы асфальттоо пландалууда.

Транспорт министрлиги жолдун жасалышы менен ал аркылуу өткөн айдоочуларга жана жергиликтүү тургундарга ыңгайлуу шарттар түзүлөрүн белгилейт.


Тектеш материалды окуу