Akchabarsearch
Бишкекте күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине ипотекалык үйлөр тапшырылды

Жарыяланган

2026-25-09, 16:36

Бишкекте күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине ипотекалык үйлөр тапшырылды

Бишкек шаарында бүгүн, 25-сентябрда күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине Мамлекеттик ипотекалык компания Бишкек шаарында салган үйлөрдүн ачкычтары тапшырылды. Иш-чарага президент Садыр Жапаров катышты.

Жаңы салынган “Асман Резиденс-1”  турак жай комплексинен батирлерди УКМК, Башкы прокуратура, Коргоо министрлиги, Ички иштер министрлиги, Чек ара кызматы, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жана Мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкерлери алды.

2 гектардан ашык аянтты ээлеген бул турак жай комплекси 11 көп кабат үйдөн турат. Анда жалпы 1050 батир бар. 

Турак жай комплексинин аймагында 551, анын ичинде 178 жер үстүндөгү жана 373 жер алдындагы унаа токтотуучу жай, ошондой эле балдар үчүн оюн аянтчалары каралган. 

Анын курулушу 2024-жылдын октябрь айында башталган. 


Тектеш материалды окуу