Akchabarsearch
Садыр Жапаров 2027-жылы боло турган шайлоону таза өткөрүүнү тапшырды

Жарыяланган

2026-25-09, 15:20

Садыр Жапаров 2027-жылы боло турган шайлоону таза өткөрүүнү тапшырды

Президент Садыр Жапаров 2027-жылдын 27-январында боло турган президенттик шайлоону таза өткөрүүнү камсыз кылуу тууралуу жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, президенттик шайлоо мыйзамдуу, ачык-айкын өтүшү керек. Шайлоочулардын жана шайлоого аттанган талапкерлердин укуктары сакталышы зарыл.

Кайсы бир мамлекеттик же муниципалдык органдын шайлоо процессине кийлигишүүсүнө, административдик ресурстарды кайсы бир талапкердин пайдасына иштетүүгө тыюу салынат. Маселен мугалим, студенттерди, дарыгерлерди, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди кайсы бир талапкерди колдотуп, үгүт иштерине катыштырууга жол берилбеши керек.

Кызмат абалынан колдонуп кайсы бир талапкердин пайдасына иш алып барган бийлик органдарынын өкүлдөрү тартиптик жазага тартылат, ал турсун дароо кызматтан бошотулушу керек.

Белгилей кетсек, келерки жылы 27-январда боло турган шайлоо үчүнчү күнү өтөт. Ал күнү Кыргызстанда дем алыш болуп, жарандарга жумушка барыштын кереги жок. Бул шайлоого болушунча көп киши катышышы үчүн жасалууда.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, президенттик шайлоого даярдык көрүп, өткөрүүгө 1.2 млрд сом кетет деп эсептелди. Бул акчанын ичинен 240 млн сом кайра шайлоо өтүп кала турган болсо, аны өткөрүүгө каралды. Дагы 53.2 млн сом чет жактагы кыргыз жарандарын шайлоого катышуусун камсыз кылууга сарпталат. 
 


Тектеш материалды окуу