
Жарыяланган
2026-25-09, 18:00Быйыл жыл аягында Ош шаарында балмуздак чыгарган “ОбидФайз” заводу ишке берилет. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.
Компания заводду салып, жабдыктарды алууга жалпы 393.7 млн сом сарптаган. Ишкананы 30-декабрда ишке киргизүү пландалууда.
Бул ишкана күнүнө 15 тоннага чейин балмуздак жана сүт азыктарын чыгара алат. Анда жалпы 60 киши иштейт.



