
Жарыяланган
2026-25-09, 17:102030-жылга чейин Кыргызстанда батири жок бир да үй-бүлө калбайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине Мамлекеттик ипотекалык компания Бишкек шаарында салган үйлөрдүн ачкычтарын тапшырып жатып билдирди.
Президентттин айтымында, быйыл жыл аягына чейин 20 миңден ашык батир ээлерине тапшырылат. Бирок президенттин иш башкармалыгы 30 миңге чейин батир берүүнү пландап жатат.
Учурда Кыргызстанда 150-200 миңге жакын үй-бүлө турак жайга муктаж. Алардын ичинен 100 миңге жакын үй-бүлөнү 2026-2027-жылдары турак жай менен камсыз кылуу пландалууда.
Садыр Жапаров 2030-жылга чейин Кыргызстанда батири жок бир да үй-бүлө калбайт деп тилек кылып жатышканын билдирди.
Анын айтымында, Мамлекеттик ипотекалык компания чоң жана кичи шаарларда, район борборлорунда көп кабат үйлөрдү салып бүткөндөн кийин айылдарда жер тамдарды салып бере баштайт.



