
Жарыяланган
2026-03-03, 17:52Бишкекте курулуш реестрине катталбаган бир катар объекттер аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Алар:
-Жукеев-Пудовкин көчөсү 4;
-Гвардейский көчөсү 13, 13а, 15;
-Горький көчөсү 72, 72а, 42;
-Б. Юнусалиев көчөсү 10 дарегиндеги курулуш объектилери.
Аталган объектилер боюнча куруучуларга жазуу түрүндө эскертүү, шаар куруу документтерин даярдоо жана объектилерди реестрге каттатуу боюнча милдеттүү көрсөтмөлөр берилди.
Эске салсак, куруучулар курулуш иштерин баштоодон мурда архитектуралык уруксат берүүчү документтерди алуу жана курулуп жаткан объектилерди тиешелүү реестрге каттоо милдетин аткаруусу зарыл.



