
Жарыяланган
2026-02-03, 11:48Февраль айында республика аймагында жайгашкан 73 курулуш объектисине техникалык корутундулар даярдалып, тиешелүү тартипте берилди. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Бул корутундулар курулуш объектилеринин жер титирөөгө туруктуулугун, долбоордук чечимдердин коопсуздук талаптарына жооп берерин жана техникалык стандарттарга шайкештигин аныктоодо негизги роль ойнойт.
Институттун адистери тарабынан жүргүзүлгөн техникалык кароолор жана эсептик талдоолор ар кандай багыттагы объектилерди, анын ичинде турак жай имараттарын, коомдук имараттарды жана социалдык инфратүзүм объектилерин камтыды.
Ар бир объект боюнча инженердик изилдөөлөр жүргүзүлүп, тиешелүү техникалык корутундулар даярдалды.
Белгилей кетсек, техникалык корутунду - бул имараттарды жаңыдан куруу, реконструкциялоо же капиталдык оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүдө алардын техникалык абалына жана коопсуздугуна инженердик баа берүүчү расмий документ болуп эсептелет.



