Жарыяланган
2025-02-07, 09:08Бүгүн, 2-июлдан тарта Бишкекте Лев Толстой көчөсүнүн бир бөлүгү жабылды.
Маалым болгондой, «Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасы Лев Толстой көчөсүнүн Жугуштуу оорулар ооруканасынын бурулушунан баштап Манас проспектисине чейинки бөлүгүндө жылуулук түтүктөрүн оңдоп-түзөөдөн өткөрөт. Ага байланыштуу аталган тилке 2-сентябрга чейин жабылат. Оңдоо иштери 60 күнгө созулат.
Мэрия билдиргендей, аталган тилкедеги жылуулук түтүктөрү 1989-жылдан бери иштетилип келет, андан бери 36 жыл өтүп, эскилиги жеткен. Ошондуктан тез арада алмаштыруу кажет.