
Жарыяланган
2026-06-07, 17:45Бишкек шаарында көп батирлүү үйлөр курулган муниципалдык жер тилкелерин сатып алууда арзандатуучу коэффициенттер киргизилди. Бул чечим жер маселелерин жөнгө салууга жана турак жайларды каттоодогу көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган.
Бишкек шаардык кеңеши бул өзгөртүүнү 2026-жылдын 31-мартындагы №95 токтому менен бекиткен.
Жаңы тартипке ылайык, жер тилкелерин сатып алууда төмөнкү жеңилдиктер колдонулат:
• 2026-жылдын аягына чейин — 50% арзандатуу (коэффициент 0.5)
• 2027-жылы — 40% арзандатуу (коэффициент 0.6)
• 2028-жылы — 20% арзандатуу (коэффициент 0.8)
Мындан тышкары, 2026-жылдын 1-октябрына чейин аянты 1 гектардан чоң жерлерге кошумча жеңилдик — 60%га чейин арзандатуу (коэффициент 0.4) каралган.
Шаар бийлигинин маалыматына караганда, Бишкектеги көп батирлүү үйлөрдүн көбү муниципалдык жерлерде курулуп, алар 49 жылга ижарага берилген. Бирок көп учурда бул жерлер толук сатылып алынбай, батир ээлери документтерди тариздөөдө кыйынчылыкка туш болуп келишкен.
2001–2024-жылдар аралыгында мындай жерлер боюнча 296 ижара келишими түзүлгөн. Бирок бүгүнкү күнгө чейин алардын аз гана бөлүгү толук сатылып бүткөн.
Бийлик жаңы система жерди менчикке өткөрүүнү жеңилдетип, тургундардын турак жай укуктарын толук мыйзамдаштырууга шарт түзөрүн белгиледи.



