Akchabarsearch
Бишкекте Профсоюз көчөсүнүн 8.5 чакырым жолунун курулушу жүрүп жатат

Жарыяланган

2026-17-03, 15:19

Бишкекте Профсоюз көчөсүнүн 8.5 чакырым жолунун курулушу жүрүп жатат

Бишкек шаарындагы Профсоюз көчөсүнүн Кустанай көчөсүнөн ГАИ постуна чейин айланып өтүүчү 8.5 чакырым жолдун курулушу уланууда. Бул тууралуу транспорт министрлиги билдирди.

Ал шаардык маанидеги, кыймылы жөнгө салынган II категориядагы жол болуп курулат.

Жол 4 тилкелүү болуп, ортосуна коопсуздук үчүн темир-бетон тосмо коюлат. Эки тарабына тротуар салынып, жарыктандыруу орнотулат.

Мындан тышкары, бул жолдун бир бөлүгүнөн жаңы Ош базарына баруучу кошумча жол куруу пландалууда. Учурда жол картасы даярдалып, атайын техникаларды жана курулушка керектүү жабдууларды мобилизациялоо иштери жүрүүдө.
 


Тектеш материалды окуу