Akchabarsearch
Бишкекте Васильевский тракт көчөсүн оңдоп-түзөөнүн алтынчы этабы башталат

Жарыяланган

2026-23-07, 18:31

Бишкекте Васильевский тракт көчөсүн оңдоп-түзөөнүн алтынчы этабы башталат

Бишкекте Васильевский тракт көчөсүн оңдоп-түзөөнүн алтынчы этабы башталат. Бул тууралуу мэрия билдирди. 

Оңдоо иштеринин алтынчы этабы 24-июлдан тартып Комсомол айылына бурулган жерден Фучик көчөсүнө чейинки тилкеде жүргүзүлөт. 

“Оңдоо иштеринин жүрүшүндө жолдун бир тарабы оңдолот. Унаа кыймылы каршы тилке аркылуу эки багытта тең уюштурулат. Көчөнү толугу менен жабуу каралган эмес”, - деп айтылат маалыматта. 

Мэриянын Транспорт департаменти айдоочуларды жол белгилеринин талаптарын так сактоого, оңдоо иштери жүргүзүлүп жаткан тилкеде өзгөчө этият болууга жана каттамдарын алдын ала пландаштырууга чакырат.
 


Тектеш материалды окуу