
Жарыяланган
2026-23-07, 17:41Чүйдүн Суусамыр өрөөнүндөгү жайыттарды каптаган алтыганадан тоют жасоо боюнча сыноо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Министрликтин маалыматы боюнча, бул тикенектүү бадал жайыт жерлерди кыскартып, башка чөптөрдү өстүрбөй, мал оттой турган жерлерди азайтууда.
Буга чейин аны жок кылуу үчүн бир нече ыкма колдонуп көрүшкөнү менен андан майнап чыккан эмес.
Эми алтыганадан тоют чыгаруу пландалууда. Азыр мунун үстүндө Борбор Азиянын айлана-чөйрө экологиясы боюнча илимий-изилдөө борбору Кытайдын Илимдер Академиясынын окумуштуулары менен бирге иштеп жатат.

Учурда Суусамыр жайлоосунда алтыгана жыш өскөн жер сыноо үчүн тандап алынып, ал жактагы бадалдар түбүнөн кыйылып, атайын техника менен майдаланып, башка тоюттар кошулуп, биожем даярдалууда. Адистер бул тоюттун сапатын, аны мал чарбасында колдонууга болобу-болбойбу деген нерсени карап, изилдеп жатышат.
Бул долбоор ийгиликтүү болуп чыкса, алтыганадан жылына 230 миң тоннага чейин тоют даярдоого мүмкүн болот. Бул бир гана жайыттарды сактоого гана эмес Суусамыр өрөөнүндөгү кышкы тоюттун тартыштыгы сыяктуу маселени чечүүгө өбөлгө түзөт.



