Akchabarsearch
Бишкекте жылдагыдай ысык суу 40 күнгө өчүрүлөт

Жарыяланган

2026-23-03, 17:23

Бишкекте жылдагыдай ысык суу 40 күнгө өчүрүлөт

Быйыл Бишкекте ысык суу 1-апрелден 10-майга чейин өчүрүлөт. Бул тууралуу мэрия билдирди. 

Ысык суу жылда өткөрүлө турган оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт. 

Ошондой эле шаар бийлиги Бишкекте жылуулук берүү 25-мартта токтотуларын кабарлады. 

Эскерте кетсек, былтыр ысык суу 21-апрелден май айынын аягына чейин өчүрүлгөн. 
 


Тектеш материалды окуу