
Жарыяланган
2026-18-03, 11:12Бишкектеги беш акча алмаштыруу жайына айып пул салынды. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, алар мыйзамдарды жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол берген. Мындан улам алардын ар бирине 55 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Улуттук банк маалыматында бул жайлардын аталышын көрсөткөн эмес.
Ошону менен катар эле Улуттук банктын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн бир жаранга 17 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.



