Жарыяланган
2025-09-10, 18:22Бишкектеги Э.Гареев атындагы ботаникалык бактын оңдоп-түзөө иштерине 340 млн сом талап кылынат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн ботаникалык бакка барып, анын абалын көрүп чыккан.
Бактын кызматкерлери жана жетекчилиги мурда аткарылган иштер, учурдагы көйгөйлөр тууралуу айтып берген.
Ботаникалык бакты толук реконструкциялоо үчүн болжол менен 340 млн сом талап кылынат деп эсептелип чыккан. Анын ичинде баса турган жолдорду оңдоо, жөө жүргүнчүлөр зонасын көрктөндүрүү, сугат системасын жакшыртуу жана дренаж системаларын калыбына келтирүү жумуштары бар.
Ошондой эле сейрек кездешүүчү жана жоголуп бара жаткан бак-өсүмдүктөрдүн түрлөрүнүн коллекцияларын толуктоо жана жаңы экспозицияларды түзүү менен дендрологиялык фондду жаңыртуу керек.