Akchabarsearch
Садыр Жапаров Тажикстанга иш сапары менен барды

Жарыяланган

2025-09-10, 16:45

Садыр Жапаров Тажикстанга иш сапары менен барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-октябрда Тажикстанга иш сапары менен барды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди. 

Жапаровду Душанбедеги эл аралык аэропорттон Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода жана башка расмий адамдар тосуп алган.  

Сапардын алкагында Жапаров "Борбор Азия – Россия" экинчи саммитине жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ МБК) мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат. 

Аталган иш-чаралардын жыйынтыгы менен бир катар документтерге кол коюлат.


Тектеш материалды окуу