Akchabarsearch
Кыргызстанда салык полициясы түзүлбөй турган болду

Жарыяланган

2025-09-10, 17:00

Кыргызстанда салык полициясы түзүлбөй турган болду

Мамлекеттик салык кызматы салык полициясын түзүү тууралуу оюнан баш тартты. 

Буга чейин аталган мекеме салык кызматкерлерине укук коргоо органдарынын айрым ыйгарым укуктарын берүүнү сунуштап чыккан. Алар салык кылмыштарын, анын ичинде салыктан качуу фактылары боюнча иш алып бармак.  

Салык кызматы тиешелүү токтом долбоорун даярдап, коомдук талкууга чыгарган. Коомчулуктун сын-пикиринен кийин мекеме аны артка кайтарып алууну чечкен. 


Тектеш материалды окуу