Жарыяланган
2025-09-10, 17:45Кыргызстан мектептерди курууга 50 млн доллар насыя алууда. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.
Насыяны Сауд өнүктүрүү фонду берет. Тиешелүү келишимге каржы министри Алмаз Бакетаев жана аталган фонддун башкы директору Султан Абдурахман Аль-Маршад кол койду.
50 млн долларга Бишкекте 5 жаңы мектеп, 7 кошумча корпус жана Чүйдө 2 мектеп курулат.
Мектептер кеминде 150 орундуу, эң чоңу 1000 орундуу болуп салынат.