
Жарыяланган
2026-13-03, 17:29Бишкек шаарындагы Чыгыш автобекетинин аймагы муниципалдык жер болуп эсептелет. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Буга чейин бул тилкени «Айдоочулар союзу» ЖЧКсы пайдаланып жүргөн жана аталган жерде ар кандай унаалар токтотулуп, аймак шаардык бюджетке ижара акысы төлөнбөстөн колдонулуп келген.
Учурда Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан бул жер кайрадан муниципалдык менчикке өткөрүлдү. «Айдоочулар союзу» ЖЧКсы объектти үч күндүн ичинде демонтаждоо боюнча кепилдик кат берди.
Бүгүнкү күндө аймактагы унаалар чыгарылып, тосмолор алынууда.
Мындан ары аталган аймак реконструкцияланып, автобекет толугу менен таксилерге, ошондой эле Кемин, Кант жана Токмок шаарлары багытына каттаган кичи автобустарга ылайыкталат. Долбоордун алкагында аймак толугу менен асфальтталып, жарыктандыруу орнотулат, жол белгилери коюлуп, тиешелүү жол чийиндери түшүрүлөт.



