Akchabarsearch
Бишкектеги “Кадастрда” коррупциялык схема аныкталды

Жарыяланган

2025-08-09, 09:36

Бишкектеги “Кадастрда” коррупциялык схема аныкталды

Министрлер кабинетине караштуу “Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин” Бишкек шаардык филиалында («Кадастр» МИ БФ) туруктуу коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттарында аталган мекеменин имаратында узак кезектер, элдин көптүгү тууралуу материалдар жарыяланып, бул көйгөйдү чечүү боюнча бийликке бир нече жолу кайрылуулар болгон.

УКМК жүргүзгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында белгилүү болгондой, каттоо бөлүмүнүн мамлекеттик каттоочулары “М.Ф.М.” жана “К.В.В.” электрондук кезектен тышкары тейлөө үчүн кардарлардан 2000 сомдон 10000 сомго чейин акча алып, коррупциялык схема уюштурушкан.

3-сентябрь күнү аталган мамлекеттик каттоочулар кармалып, КР КЖПК 96-беренесине ылайык, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул иш боюнча ыкчам-тергөө аракеттери уланууда.
 


Тектеш материалды окуу