
Жарыяланган
2025-09-12, 16:361 миңден ашык мекеме жана 30 миң гектар жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев "Регион" каналына берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, өлкө эгемендүүлүктү алгандан кийин мамлекетти талап-тоноо күчөгөн.
"Ал учурда менчиктештирүү бир топтун жана мамлекеттик органда иштеген адамдардын колунда калып кеткен. Эл топтогон байлыкты шылуундар менчиктештирип алган. Ошол менчиктештирүү маалында мыйзам бузулган. Ишканалар, мекемелер өз тармагында иштеш керек болчу. Бирок андай болгон жок. Керек болсо социалдык объекттер дагы менчиктештирилип кеткен", - деди Ташиев.
Ошону менен катар эле ал 2020-жылдан бери коррупцияга каршы күрөштөн мал-мүлк жана каражат түрүндө мамлекетке 300 млрд сомдон ашык каражат кайтарылганын белгиледи.


