
Жарыяланган
2026-16-03, 16:42Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн айрым жооптуу кызматкерлери мыйзамсыз акча талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, алар мектеп жана бала бакча жетекчилеринен 4 миңден 5 миң сомго чейин акча талап кылышкан. Ал каражаттар Эсептөө палатасынын текшерүүсүндө аныкталган финансылык мыйзам бузууларды жашыруу үчүн берилет деп айтылган.
Тинтүү учурунда кызматтык бөлмөлөрдөн 68 миң сом накталай акча жана Нарын шаарындагы 17 билим берүү мекемесинин тизмеси табылган. Анда акча берилгени тууралуу белгилер жазылган.
2026-жылдын 12-мартында кылмыш ишинин алкагында Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т.У.С. кармалып, соттун чечими менен тергөө бүткөнгө чейин убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери уланууда.



