
Жарыяланган
2026-11-03, 11:45Президент Садыр Жапаров бир туугандары коррупцияга аралашса аларды да аябай турганын айтты. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Жапаров коррупцияга каршы күрөштө эч кимге аео болбой турганын айтты.
“Коррупцияга жол жок. Биз башынан эле коррупция менен уюшкан кылмыштуулукка өчпүз. Анын баарыңыздар жакшы билесиздер. Эч кимди аябайбыз. Бир тууганым болсо да аябайм. Бирок менин бир туугандарым, бала-чакам мамлекеттик кызматтарда иштебейт, мамлекеттик мекемелер менен иш алып барбайт. Ошон үчүн менин санаам тынч”, - деди ал.
Президент белгилегендей, адам өлтүргөн кылмышкерден коррупционер коркунучтуу.
“Анткени кылмышкер бир адамды өлтүрсө, коррупционер бүтүндөй мамлекетти талкалайт, мамлекетти өлтүрөт”, - деди ал.
Жапаров коррупцияга каршы күрөштө депутаттардын да жардам берүүгө чакырым, бийлик тараптан уурулук, коррупциялык иштер болсо, алар тууралуу ачык айтууну суранды.
“Бул сиздердин мага көрсөткөн жардамыңар болот. Эч кимисинен коркпоңуздар. Мен силерге гана болушам. Силер тарапта болом, коргойм”, - деди ал.



