
Жарыяланган
2026-15-04, 16:35Нарын шаарындагы мамлекеттик нотариалдык кеңсенин нотариусу М.у.М. пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 1-бөлүгү (пара алуу) боюнча козголгон иштин алкагында жүргүзүлгөн тергөөдө ал Нарын шаарынын тургуну Б.у.Б.дан каза болгон атасынын үйүн мурас катары каттап берүү үчүн акча алгандыгы аныкталган.
Шектүү М.у.М. кармалгандан кийин Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө жана ыкчам иш-чаралар уланууда.
.



