
Жарыяланган
2026-21-04, 13:37ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын айрым кызматкерлеринин мыйзамсыз иши токтотулду. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, 17-апрелде бөлүм башчысы П.М. жана ыкчам кызматкер А.А. кармалды. Алар Россиянын жаранынан баңгизаттар боюнча козголгон иште жазаны жеңилдетип берүү үчүн 9 млн рубль (болжол менен 100 миң доллар) талап кылышкан.
Тергөөдө белгилүү болгондой, шектүүлөр параны жашыруун алуу үчүн атайын схема колдонушкан. Кармалган адамдын жакындары мүлкүн сатып, акчаны Россиядан бөлүп-бөлүп, алардын айтканы боюнча «Сбербанк» карталарына которуп турушкан.
Андан соң каражаттарды накталайга айландыруу жана Кыргызстанда мыйзамдаштыруу үчүн үчүнчү жактар тартылган. Бул ыкма аркылуу кызмат адамдары каржылык операцияларга тиешеси бар экенин жашырууга аракет кылышкан.
Учурда кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайында. Бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери уланууда.



