
Жарыяланган
2026-28-05, 14:22Профсоюз көчөсүн уландысы боло турган жолдун курулушу жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, Профсоюз көчөсү Кустанай көчөсү Чүйдүн Сокулук районундагы
Түндүк айланма жолуна чейин узартылат. Жолдун жаңы бөлүгүнүн узундугу 8.5 чакырым болот.
Учурда жер иштери менен кошо жол тилкесиндеги өсүмдүктөр өскөн топурак катмарын тазалоо иштери аткарылууда.
Жеринде 43 атайын техника жана 54 жумушчу иштеп жатат.



