
Жарыяланган
2026-16-04, 18:04Бишкектеги «Стимул Аскат» акча алмаштыруучу жайынын лицензиясы убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Маалым болгондой, «Стимул Аскат» өлкө мыйзамдарын жана Улуттук банктын эрежелерин бузганы үчүн лицензиясы 16-апрелден 25-апрелге чейин токтотулган.
Аталган акча алмаштыруучу жай “Москва көчөсү, 86, 2-кеңсе” дареги боюнча жайгашкан.


