Akchabarsearch
Касымалиев Рубио менен инвестициялар, виза режими жана санкция маселелерин талкуулады

Жарыяланган

2026-16-04, 17:49

Касымалиев Рубио менен инвестициялар, виза режими жана санкция маселелерин талкуулады

Вашингтондо Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио ортосунда сүйлөшүүлөр өттү. Тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык тармактардагы кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле жарандык авиация, санкциялык саясат жана виза режимин жөнөкөйлөтүү маселелерин талкуулашты.

Маалыматка ылайык, Касымалиев президент Садыр Жапаровдун саламын жеткирип, Борбор Азия өлкөлөрү менен АКШнын ортосундагы диалогдун негизги платформасы катары “C5+1” форматынын маанилүүлүгүн белгиледи. Анын айтымында, өткөн жылы лидерлердин жолугушуусу аймактык кызматташтыкка кошумча дем берген.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Касымалиев өлкөнүн макроэкономикалык көрсөткүчтөрүн да тааныштырды. Ал 2022–2024-жылдары Кыргызстан экономикасы 9%дан жогору өсүш көрсөткөнүн, ал эми 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча өсүш темпи 11.5%га жеткенин белгиледи.

"Биз АКШны маанилүү өнөктөш катары гана эмес, илимий-техникалык өнүгүүдөгү дүйнөлүк лидер катары да карайбыз. Кыргызстан инновациялар, санариптик трансформация жана алдыңкы технологияларды ишке киргизүү боюнча өнөктөштүгүбүздү кеңейтүүгө кызыкдар", — деди Адылбек Касымалиев. 

Ал ошондой эле иш сапарынын алкагында АКШнын алдыңкы технологиялык корпорациялары менен бир катар жолугушуулар өткөнүн кошумчалады.

Мындан тышкары Вашингтондо өткөн саясий консультациялардын жыйынтыгы талкууланып, эки тараптуу маселелердин кеңири чөйрөсү камтылды. Кызматташууну мындан ары бекемдөө максатында Министрлер кабинетинин башчысы Марко Рубиону Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакырды.

 


Тектеш материалды окуу