Akchabarsearch
Садыр Жапаров кыргыз-америка мамилелериндеги төрт багытты белгиледи

Жарыяланган

2025-07-11, 09:42

Садыр Жапаров кыргыз-америка мамилелериндеги төрт багытты белгиледи

Президент Садыр Жапаров Вашингтон шаарында "Борбордук Азия - АКШ" (С5+1) саммитине катышты . Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчы саммиттин башталышынын алдында журналисттер үчүн билдирүү жасады. 

Садыр Жапаров кыргыз-америка мамилелеринде инвестициялар, туризм, гидроэнергетика, санарип экономика, жасалма интеллект, IT чөйрөсү жана ошондой эле коопсуздукту жана туруктуулукту камсыздоо негизги багыттардан экенин айтты. Президент бул өңүттө Кыргызстан АКШ лидеринин глобалдык туруктуулукту бекемдөөгө жана дүйнөнүн булуң-бурчунда жаңжалдарды токтотууга кошкон салымын жогору бааларын белгиледи.

“Өз кезегимде, мен дагы мамлекет башчы кызматына келгенде өзүм үчүн эң маанилүү артыкчылыктуу бир милдет койгом – бул коңшу мамлекеттер менен чек ара маселелерин ынак коңшулуктун нугунда чечүү болчу”, - деди мамлекет башчы.

Садыр Жапаров жыйынтыгында Борбор Азия аймагынын дүйнөлүк саясаттагы ролу өскөнүн белгилеп, аймак менен "кызматташууну бекемдөөгө ири державалардын кызыгуусу күчөп жатканын” билдирди. C5+1 форматы саясий диалогду өнүктүрүүгө максатталган маанилүү аянтчага айлангандыгын айтты.

АКШнын президенти Дональд Трамп экономикалык коопсуздукту чыңдоону жана жеткирүү чынжырын кеңейтүүнү Борбордук Азия өлкөлөрүнүн Америка Кошмо Штаттары менен өз ара аракеттенүүсүнүн негизги пункттарынын бири катары белгиледи.


Тектеш материалды окуу