
Жарыяланган
2026-18-02, 12:36Чынгыз Эшимбеков Кыргызстандын АКШнын Чикаго шаарындагы Башкы консулу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Ал буга чейин Тышкы иштер министрлигинин Экономикалык дипломатия департаментинин директору болуп иштеп келген.



