Akchabarsearch
Бишкектеги жаңы «Ош» базары 2027-жылдын март-апрель айларында ачылат

Жарыяланган

2026-26-10, 14:54

Бишкектеги жаңы «Ош» базары 2027-жылдын март-апрель айларында ачылат

Бишкектеги жаңы «Ош» базары 2027-жылдын март-апрель айларында ачылат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Токтогул районунун тургундары менен жолугушууда билдирди.

Президенттин айтымында, жаңы базарды мамлекет өз каражатына куруп жатат. Ал буга чейин ири базарлардын ээлери менен жолугуп, соодагерлер үчүн жакшы шарттарды түзүп берүүнү суранганын айтты.

Бирок мамлекет башчысы акыркы алты жылда базар ээлери тарабынан соодагерлерге шарт түзүү үчүн эч кандай курулуш иштери жүргүзүлбөгөнүн белгиледи.

Ошондой эле президент учурда «Мадина» базары мамлекеттин көзөмөлүнө өткөнүн билдирди. Анын айтымында, базардын мурдагы ээсине акчасы 4-5 жылдан кийин төлөнүп берилет.

Садыр Жапаров базар ээлери ишин улантууну кааласа, соодагерлер үчүн жакшы шарттарды түзүшү керектигин кошумчалады.


Тектеш материалды окуу