Akchabarsearch
“Ош базарындагы” этти дүң сатуучу жай “Алтын-Така” базарына көчүрүлдү

Жарыяланган

2026-15-01, 09:33

“Ош базарындагы” этти дүң сатуучу жай “Алтын-Така” базарына көчүрүлдү

“Ош базарындагы” этти дүң сатуучу жай “Алтын-Така” базарына көчүрүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкектеги” Ош базарында” жайгашкан этти дүңүнөн сатуу жайы 14-январдан тарта ишин токтотту. Мындан ары борбор калаадагы эттин дүң сатуу Биринчи май районунун Маевка аймагындагы «Алтын-Така» мал базар комплексиндеги «Чүйгүн» эт павильонунда жүргүзүлөт.

Бул өзгөрүү Бишкек шаарынан жана өлкөнүн башка аймактарынан эт азыктарын ташып келген ишкерлер, дүң сатуучулар жана сатып алуучулар үчүн маанилүү жана ыңгайлуу жаңылык болуп саналат.


Тектеш материалды окуу