Akchabarsearch
Керималиев эт саткан социалдык дүкөндөрдүн санын көбөйтүү керектигин айтты

Жарыяланган

2025-12-12, 12:40

Керималиев эт саткан социалдык дүкөндөрдүн санын көбөйтүү керектигин айтты

Мамлекеттик мекемелердин жетекчилери “Ош базарындагы” эттин баасы менен таанышты. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, министрдин биринчи орун басары Жаныбек Керималиев, Бишкек мэриясы, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы жана Кыргыз агрохолдинг менен биргеликте эттин баасына мониторинг кылышты.

Анын жүрүшүндө жетекчилер базардагы эттин сапаты, коопсуздугу жана баанын кармалышы боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди карап, жеринде сатуучулар, жарандар менен баарлашышты.

"Ош базарында" атайын социалдык дүкөн уюштурулган. Ал жерге күн сайын жаңы союлган мал эти алып келинип, базардагы орточо баадан бир топ арзан баада сатылууда. 

Жаныбек Керималиев белгилегендей, министрлик аймактарда азык-түлүктүн баасын турукташтырууга жана калкка сапаттуу, жеткиликтүү продукцияны сунуштоого өзгөчө көңүл бурат. Министрлик мындан ары да социалдык соода түйүндөрүнүн санын көбөйтүү жана айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоо багытында иш алып бара берерин кошумчалады.


Тектеш материалды окуу