Akchabarsearch
    Бишкектеги ЖЭБ каналы аркылуу өткөн көпүрө реконструкцияланат

    Жарыяланган

    2025-30-06, 13:23

    Бишкектеги ЖЭБ каналы аркылуу өткөн көпүрө реконструкцияланат

    Бишкек шаарынын Ауэзов көчөсүндөгү ЖЭБ каналы аркылуу өткөн көпүрөнү оңдоп-түзөө иштери башталды. Бул тууралуу мэрия кабарлады. 

    Учурда көпүрөнүн туурасы 13 метрди түзөт. Реконтрукциядан кийин анын туурасы 24 метрге жетет. Көпүрөнүн эки четинде жөө адамдар үчүн тротуар салынат. 

    Азыркы тапта курулушка даярдык көрүлүүдө. Анын алкагында түтүктөрдү жана башка курулушка тоскоол болгон объектилер жылдырылат.


    Тектеш материалды окуу