
Жарыяланган
2026-04-11, 15:38Бишкек шаарынын тургундары көмүрдү 200 миң сомго чейин 3 айдан 36 айга чейин бөлүп төлөө шарты менен сатып ала алышат. Бул тууралуу «Кыргызкөмүр» ААКсы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн «Кыргызкөмүр» жана MIslamic биргелешип ишке киргизген программанын расмий ачылышы өттү.
Программа ислам каржылоосунун «Мурабаха» принциби менен иштейт. Ага ылайык, көмүрдүн баасы жана үстөк акысы алдын ала макулдашылат.
Көмүрдү бөлүп төлөп алуу үчүн жарандардын кредиттик тарыхы жакшы болушу жана MIslamic белгилеген талаптарга жооп бериши керек.
Долбоор шаар тургундарына көмүр сатып алууну жеңилдетүүгө жана кышкы жылытуу мезгилине даярданууга жардам берүүгө багытталган.



