
Жарыяланган
2025-22-12, 13:45Бишкектин 9-кичирайонундагы жаңы CITY Market заманбап базарын сала турган компания аныкталды. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Маалым болгондой, аталган базар мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында салынат. Аны ачык сынакты жеңип алган “Ак Ордо Булак” компаниясы курат.
Базар 9-кичирайондо Байтик баатыр көчөсү 4а-6а даректериндеги үйлөрдүн ортосунда салынат.



