Akchabarsearch
ЖК комитети өлкө бюджети боюнча эки маселени жабык кароодо

Жарыяланган

2025-22-12, 15:43

ЖК комитети өлкө бюджети боюнча эки маселени жабык кароодо

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети республикалык бюджет боюнча эки маселени жабык карай турган болду. 

Бүгүн, 22-декабрда аталган комитеттин жыйынында экинчи жана үчүнчү маселе болуп “2024-жыл үчүн республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө” отчет жана “Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана 2027–2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралмак. 

Жыйындын башында президенттин жана өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов бүгүн карала турган бюджет боюнча маселелер купуя, жашыруун каралышы керек экенин айтып, аларды күн тартибинин аягында жабык карап берүүнү суранды. Комитеттеги депутаттары анын сунушун колдоду. 

Ага байланыштуу аталган эки маселе күн тартибинин аягына жылдырылып, жабык каралууда. 


Тектеш материалды окуу