Akchabarsearch
Келерки жылы Кыргызстанда жаңы жөлөкпул киргизилет

Жарыяланган

2025-22-12, 17:14

Келерки жылы Кыргызстанда жаңы жөлөкпул киргизилет

Кыргызстанда 2026-жылдан тарта жаңы жөлөкпул киргизилет. Ал "бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк" деп аталат. Бул жөлөкпул бийик тоолуу аймактарда, алыскы жетүүгө кыйын конуштарда жана өзгөчө макамы бар айрым чек ара аймактарында жашаган үй-бүлөлөргө колунда бар же жок экенине карабай берилет. 

Жаңы жөлөкпул аталган аймактарда жашаган жарандарга үчүнчү жана андан кийин төрөлгөн балдарына алар үч жашка чыкканга чейин төлөнөт. Жөлөкпул 3 миң сомду түзөт. 

Мисалы:

Бир үй-бүлөдө төрт бала бар. Үчүнчү баласы жана кенжеси үч жашка толо элек болсо, ата-энеси "бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк" жөлөкпулун алууга арыз бере алат. Арызды “Түндүк” аркылуу же Социалдык камсыздоо министрлигинин аймактык бөлүмүнө барып тапшырууга болот. 

Кокус ал үй-бүлө балдары үчүн "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун алып жүрсө, анда алар эки жөлөкпулдун бирин тандашы керек болот. Эгер "бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөктү" тандаса, үчүнчү баласы жана кенжеси жаңы жөлөкпулду ала баштайт. Бирок аларга "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун берүү токтотулат. Ошол эле учурда берки эки баласы мурункудай эле "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун ала берет (бул жөлөкпул бала 16 жашка чыкканга чейин берилет).  


Тектеш материалды окуу