
Жарыяланган
2025-22-12, 18:22Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-декабрда Санкт-Петербург шаарында (Россия) КМШга мүчө мамлекеттердин башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди.
Программанын башында Кыргызстан, Армения, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын өлкө башчыларына Мамлекеттик Эрмитажда кыскача экскурсия уюштурулган. Александр жана Георгий залдары, ошондой эле айрым экспонаттар көрсөтүлгөн.
Андан соң КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери Эрмитаждын Георгий залына барышып, ал жерде бейформал жолугушуу өттү.
Жолугушууда лидерлер КМШ органдарынын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарып, 2026-жылга негизги артыкчылыктуу багыттарды аныкташты.



