Akchabarsearch
MBANK Кыргызстанда биринчи болуп MPay кызматын ишке киргизди: бир тийүү менен төлөмдөр жана которуулар

Жарыяланган

2025-22-12, 17:21

MBANK Кыргызстанда биринчи болуп MPay кызматын ишке киргизди: бир тийүү менен төлөмдөр жана которуулар

MPay — бул MBANK тарабынан Кыргызстанда жана Борбор Азияда биринчи болуп ишке киргизилген, финансы рыногундагы эрежелерди түп-тамырынан өзгөрткөн революциялык чечим.

MBANK башкармалыгынын төрагасынын биринчи орун басары Марат Торалиев MPay кызматын 18-декабрда өткөн MTalX масштабдуу иш-чарасында тааныштырып, санариптик төлөмдөрдүн өнүгүүсүндөгү жаңы этап башталганын белгиледи.

Өлкөдө Apple Pay сыяктуу кызматтар жок шартта, MPay Кыргызстандагы колдонуучулардын реалдуу муктаждыктарын жана жергиликтүү шарттарды эске алуу менен иштелип чыккан ата мекендик технологиялык жооп болду.

MPay — бул MBANK колдонмосундагы контактсыз технология. Ал Android жана iOS операциялык системасында иштеген смартфондордо жеткиликтүү жана колдонуучунун смартфонун MKassa терминалы менен түз жана заматта байланыштырат. Мунун аркасында POS-терминалдар аркылуу төлөм жасоо өтө оңой: телефонду жакындатуу жетиштүү, операция интернетсиз да аткарылат.

MPay күнүмдүк турмушта алмашкыс кызмат: дүкөндө, кафеде, базарда же жанында турган адамга акча которууда. Болгону колдонмону ачып, телефонду жакындатуу жетиштүү — калганын MPay өзү аткарат. Төлөм бир нече секундда жүргүзүлөт, которуулар реквизиттерди кол менен жазууну талап кылбайт, ал эми процесс ушунчалык интуитивдүү жөнөкөй болгондуктан, буга чейин технологиялык жаңылыктардан качып жүргөндөр да оңой өздөштүрө алышат.

MPay аркылуу кантип төлөм жүргүзүү керек

1.   Смартфондо Bluetooth функциясын күйгүзүп, MBANK колдонмосуна жакын жайгашкан түзмөктөргө жетүү уруксатын бериңиз.

  • iPhone — MBANK колдонмосунун жөндөөлөрүндө

  • Android — уруксаттар бөлүмүндө «жакын түзмөктөргө жетүү» функциясын күйгүзүү керек

2.   Геолокацияны ачыңыз

3.   Сатуучудан же кассирден MKassa терминалы аркылуу төлөм жүргүзүүнү сураныңыз

4.   MBANK колдонмосун ачып, смартфонду терминалга жакындатып, төлөмдү тастыктаңыз

* MPay колдонуу үчүн MBANK’ты акыркы версиясына жаңыртыңыз.

Баары тез жана интернетсиз ишке ашат — ылдамдык маанилүү болгон учурлар үчүн эң ылайыктуу.

Жаныңыздагы адамдарга заматта акча которуңуз

MPay жакын жердеги адамдарга акча которууга да мүмкүнчүлүк берет. Сиз жана алуучу MBANK колдонмосун ачып, MPay баскычын бассаңыз жетиштүү. Колдонмо жаныңыздагы колдонуучуларды көрсөтөт — керектүүсүн тандап, которууну аяктайсыз.
 Карта номурлары, QR-коддор жана телефон номурун кол менен киргизүү талап кылынбайт.

MPay’ди бүгүн эле колдонуп көрүңүз!

MPay — күнүмдүк финансылык операциялардагы ыңгайлуулуктун жаңы деңгээли. Төлөмдөр жана которуулар ылдам, түшүнүктүү жана каалаган шартта жеткиликтүү.

MBANK’ты жаңыртып, MPay’ди азыртан колдонуп көрүңүз — жашоону чындап жеңилдеткен технология.

MBANK — Биринчи санарип!

КРУБ №14 лицензиясы


Тектеш материалды окуу