
Жарыяланган
2025-22-12, 16:30Бүгүн, 22-декабрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Кыргызстан менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Ош шаарындагы канализациялык-тазалоочу станцияны кеңейтүү долбоору" боюнча кредиттик жана гранттык макулдашууларды ратификациялоо туурадуу мыйзам долбоорун экинчи окууда колдоду.
Мыйзам долбоору боюнча баяндама жасаган айыл чарба министринин орун басары Жаныбек Керималиевдин айтымында, бул долбоор үчүн жалпы 8.3 млн евро алынат. Анын 4 млн евросу насыя катары Европа реконструкциялоо банкы, 3 млн евросу грант катары Европа биримдигинин Борбор Азия үчүн инвестициялык фонду, ошондой эле 1.3 млн евро грант катары Европа реконструкциялоо банкынын Жашыл климаттык фонду тарабынан берилет. Аталган 4 млн евро насыя 15 жылга алынууда. Анын ичинен 4 жыл жеңилдетилген мөөнөт болуп саналат. Үстөгү жылына 1%ды түзөт. Euribor 6 ай.
Бул акча Ош шаарындагы саркынды сууну тазалоочу станциясынын ишин жакшыртууга жумшалат. Буга чейин анда биринчи жана экинчи баскычта оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн.



