
Жарыяланган
2025-22-12, 14:24Элдик Банк Кыргызстанда биринчи жолу эл аралык ISO 27001:2022 сертификатын алды. Банк көз карандысыз аудиттен ийгиликтүү өтүп, маалыматтык коопсуздукту башкаруу тутумунун ISO 27001:2022 эл аралык стандартына шайкештигин расмий тастыктады.
Бул таанылган жана маалыматтарды коргоо боюнча дүйнөдөгү эң катуу стандарттарынын бири болуп саналат. Сертификатты алуу банк коопсуздукка комплекстүү мамилени ишке ашырганын билдирет: кардарлардын жана өнөктөштөрдүн маалыматтарын ишенимдүү коргойт, тобокелдиктерди башкарат жана кибер коркунучтарды алдын алуу үчүн заманбап ыкмаларды колдонот.
Даярдыктын алкагында банк ички процесстерди жаңыртты, коопсуздук саясатын өркүндөттү жана кызматкерлердин квалификациясын жогорулатты.
“ISO 27001:2022 сертификатын алуу биздин кардарлардын жана өнөктөштөрдүн ишенимин бекемдөөдөгү маанилүү кадам болуп саналат. Бул банк маалыматтык коопсуздуктун жогорку деңгээлин камсыздап, киберкоопсуздук тармагындагы эң мыкты дүйнөлүк тажрыйбаны карманып жатканын тастыктайт».
Бул банк маалыматтын жогорку деңгээлде корголушун жана киберкоопсуздук тармагындагы эң мыкты дүйнөлүк тажрыйбаны карманып жатканын тастыктайт», – деди «Элдик Банк» ААК Башкармасынын Төрагасы Уланбек Ногаев.
Стандартка ылайык келүү банкка санариптик кызматтарды өнүктүрүүгө жана ISO 27001 милдеттүү же сунушталган талап болгон эл аралык уюмдар менен кызматташууга кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Банк өсүп жаткан киберкоркунучтар шартында маалыматтарды ишенимдүү коргоону камсыз кылуу үчүн маалыматтык коопсуздук системаларын жана процесстерин өркүндөтүүнү улантат.
№033 Улуттук Банк лиц.



