Akchabarsearch
Бишкектин аймагы дээрлик үч эсеге кеңейип, бюджет 34 млрд сомго жетти

Жарыяланган

2026-17-04, 18:00

Бишкектин аймагы дээрлик үч эсеге кеңейип, бюджет 34 млрд сомго жетти

Бишкек шаарынын аймагы жүргүзүлүп жаткан реформалардын алкагында дээрлик үч эсе кеңейтилди. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев “Биринчи радионун“ түз эфиринде билдирди.

Жунушалиевдин айтымында, шаардык бюджет 24 миллиард сомдон 34 миллиард сомго чейин өскөн. Ошол эле учурда шаарга кошулган айыл өкмөттөрүнүн жалпы бюджети 890 миллион сомду түзгөн.

Ал аймак кеңейсе, бюджет дароо өсүп кетпей турганын айтты. Бирок жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында аны көбөйтүүгө шарт түзүлгөнүн белгиледи. Ошол эле учурда шаардагы иштер да, көйгөйлөр да көбөйүп жатат. Анын ичинде тыгын маселеси да бар.

Мэр мурда бир үй-бүлөдө бир эле унаа болсо, азыр дээрлик ар бир адамда унаа бар экенин айтты.  Шаарда расмий катталган унаалар 500 миң болсо, күн сайын аймактардан шаарга кирген унаалардын саны 700 миңге чейин жетет.

 


Тектеш материалды окуу