Akchabarsearch
Кыргызстан Евробиримдиктин кара тизмесинен чыккандан кийин жаңы авиакомпанияларды кабыл алууга даяр

Жарыяланган

2026-27-10, 12:00

Кыргызстан Евробиримдиктин кара тизмесинен чыккандан кийин жаңы авиакомпанияларды кабыл алууга даяр

Кыргызстан Европа биримдигинин кара тизмесинен чыккандан кийин жаңы авиакомпаниялардын арыздарын кароого даяр. Бул тууралуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин өкүлү Данияр Бостонов «Акчабарга» билдирди.

Анын айтымында, жаңы авиакомпанияларга лицензия берүүгө убактылуу тыюу салынган. Мындай чечим Кыргызстанды Евробиримдиктин кара тизмесинен чыгарууга даярдык көрүү үчүн кабыл алынган.

Бул убакыт аралыгында агенттик эл аралык талаптарды аткарууга жана өлкөнүн авиация тармагындагы мыйзамдарын европалык стандарттарга ылайыкташтырууга көңүл бурган.

«Биз өзүбүз да авиакомпания ачкысы келгендерге кандай талаптарга жооп бериши керектигин так айта алган эмеспиз», — деди Бостонов.

Ал белгилегендей, Кыргызстан кара тизмеден чыккандан кийин да авиация тармагындагы мыйзамдарды жана эрежелерди жакшыртуу иштери уланат.

Бостоновдун айтымында, учурда өлкөдө жаңы авиакомпания ачууну каалагандар жок. Бирок бул тармакта иш баштоону пландагандар керектүү документтерди алдын ала даярдап, белгиленген талаптарга ылайык иш алып бара алышат.


Тектеш материалды окуу

Кыргызстан Евробиримдиктин кара тизмесинен чыккандан кийин жаңы авиакомпанияларды кабыл алууга даяр Акчабарда